Кыргызстанда QR-код мн төлөп жүрүп көнүп калган экенмин, башка өлкөгө келгенде карталарымдын баардыгын башка капчыкта калганын билдим. Эми эмне кылыш керек?
Рейске жетишпей калып, аз жерден билетим күйүп кете жаздады. Каттоону жаап коюшкан экен, аны өтүү үчүн кимге гана чалбадым, кудум кинодогудай эле болду)
Жакынкы дүкөндө эки касса бар, биринчисинде дайыма кызыл помада сүйкөнгөн, жаркылдаган, тамашалап сүйлөшкөн, кардарларга жардам бергиси келип турган, жумушун эле эмес, жашоону да сүйгөн кассир отурат. Ал менен болгон кыска сүйлөшүү да маанайды көтөрөт.
Мен мадыра баш деп эсептеп жүргөн племяннигим эчак иштеп, үй, машине алып коюп, эми сүйлөшкөн кызы менен Таиландга эс алганы кетиптир. Улам сүрөт жүктөп коёт. Бул мадыра баш качан чоңоюп кеткен деп таң калып отурам) Азыркы жаштар кыйын деп айткан учурга келип калыпмын)
Бүгүн дагы бир жөнөкөй нерсени түшүндүм. Ар бир эле жакшы адис жетекчи боло албайт экен. Эгер адам өз эмоциясын башкара албаса, ал команданы дагы башкара албайт. Эмоционалдык жактан жетилбеген адам күчтүү команда түзө албайт экен.